Гамзат Цадаса

Википедия дан

Гамзат Цадаса - (21. 8. 1877, азыркы Дагстан, Хунзах району, Цада айылы 11. 6. 1951, Махачкала) авар акыны, Дагстан эл акыны (1934). Р. Гамзатовдун атасы. Медреседе окуган. 14 жашынан ыр жазган. Алгачкы большевиктик гезитте («Красные горы», 1921) иштеп, анда «Тоолук кедейлерге», «Советтерге кимдер шайланды» жана башка ырларын жарыялаган. 1920-жылдардагы чыгармаларында феодалдык-патриархалдык көрүнүштөрдү сынга алган. Гамзат Цадаса «Адат шыпыргысы» (1934) аттуу ырлар жыйнагынын, «Кырсыктуу сандык» пьесасынын, «Чабан тууралуу жомок» поэмаларынын автору. Гамзат Цадасанын чыгармачылыгы авар фольклору менен тыгыз байланышта. А. С. Пушкин, И. А. Крыловдун чыгармаларын авар тилине которгон. Гамзат Цадасага «Тандалган ырлары» үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1951). Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. СССР Жогорку Советинин 3-чакырылышына депутат болгон. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]