Гамма

Википедия дан

Гамма — 1) гректердин гамма тамгасынын (тыбышынын) атынан аталган орто кылымдагы музыкалык үн катарларынын эң төмөнкү добушу, азыр октава арасындагы добуштар тартиби; 2) добуш катарларынын ээрчишүүсү, башкы тондон баштап жогорулоочу же төмөндөөчү тартипте жайгашат. Гамма октаванын көлөмүндө, бирок жогору карай ошол принципте жайгашышын улантып, төмөн көздөй октавага жакындашат. Гамма курамынын санын көрсөтөт жана бийик добуштардын баскычын байланыштырат. Гамманын 7 добуштуу диатоника, 12 добуштуу хроматика, 5 добуштуу пентатонпка, мажор, минор сыяктуу түрлөрү бар. Гамма ар түрдүү добуштардан куралат. Мисалы, до добушунан түзүлгөнү до-мажор, ля добушунан түзүлгөнү ля-минор деп аталат. Гамма ырдоодо жана аспапта ойноодо такшалууну арттырып, чеберчиликти көтөрүүдө көнүгүү үчүн да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]