Ган

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 4—8 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Ашыктар.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар эки топко бөлүнүп, ашыктарын, бир катар кылып тизишет. Топтун өкүлдөрү оюндун кезегин ашык өкчөшүп такташат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кезектеги топтун оюнчуларына кезектери менен белгиленген аралыктан (4—5 тапан), тизилген ашыктар белгиленген аралыктан атып чыгарышса, чыгарылган ашыктарды утуп алышат. Утулган оюнчулар, уттурган ашыктарын толукташы керек. Эгерде сака тийген ашык, белгиленген аралыктан алыс чыкпаса же кезектеги оюнчунун ыргыткан сакасы, ашыктарга тийбесе, утуп алган ашыктар кайрадан казынага кайтарылып тизилгенден кийин, оюн кезеги экинчи топтун оюнчуларына өтөт. Ошентип, оюнчулар каалаган убакытка чейин созулат. Ашык* тарды оюнду көп утушкан оюнчулардын тобу жеңишет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга, чурулдоого болбойт.

Оюнга методикалык көргөзмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн тегиз, таза жана башка буюмдар жок жерде өткөрүлүшү керек.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч тарбияланат, ашыктар таамай атууга, кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]