Ганглийди блокадалоочу каражаттар

Википедия дан

Ганглийди блокадалоочу каражаттар — вегетатив түйүндөрүнөн (ганглийден) өтүүчү козголууну токтотуучу дарылар. Алар бир мезгилдин ичинде симпат жана парасимпат түйүндөрүн блокадалайт, башкача айтканда четки нерв тутумун таасирин орган менен ткандарга тийгизбей коёт.

Ганглийди блокадалоочу каражаттар таасиринин узактыгына жараша узак убакытка жана кыска мөөнөткө таасир этүүчү болуп бөлүнөт. Бул дарылар симпат түйүндөрүн блокадалаганда ички органдардын (ичеги, карын, табарсык жана башка) жылма булчуңдарынын тонусу төмөндөйт, бездердин секрециясы азаят. Алар өт жолдорунун коликасында, заара жолдорунун таш. оорусунда, карын менен он эки эли ичегинин жарасында колдонулат. Ганглийди блокадалоочу каражаттар кан тамырларды ичкертүүчү борбордук нерв тутумун келген импульстардын агымын токтотуп, анын натыйжасында кан тамырлар кеңеет. Ошондуктан айрымдары гипертония оорусунда, эндартеритте, хирургиялык практикада пайдаланылат.

Ганглийди блокадалоочу каражаттардын терс таасирлери бар. Анда ичегинин тонусунун төмөндөшү, ортостатикалык коллапс (төшөктө жаткан оорулуу тура калганда кан басымынын кескин төмөндөшү) жана башка бузулуулар болушу мүмкүн.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8