Ганди Ражив

Википедия дан

Ганди Ражив - (20. 8. 1944, Бомбей, азыркы Мумбай 21. 5. 1991, Шри-Перумбудур) Индиянын саясий жана мамлекеттик ишмери. Индира Гандинин уулу. Индиянын жана Англиянын (Кэмбриж) университеттер инде билим алган. 1980-жылдан Индиянын улуттук конгресс (ИУК) партиясынын жаштар канатынын жетекчиси.1981-ж. Индия парламентинин Элдик палатасына шайланган. 1983-84-ж. ИУКтун Генералдык секретары,1984-жылдан төрагасы. Индира Гандинин өлүмүнөн кийин, 1984-88-ж. Индиянын премьер-министри; бир эле мезгилде 1984-88-ж. тышкы иштер министри кызматтарын аткарган. Энеси Индира Гандиден айырмаланып, мамлекеттик секторго караганда жеке секторду, рынок мамилелерин өнүктүрүүяү колдогон. 1985-ж. май айында атайын визит менен Кыргызстанда болгон. 1990-ж. анын партиясы шайлоодо жеңилген. Террорчулар тарабынан өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]