Гандхара көркөм сүрөт искусствосу –

Википедия дан

Гандхара көркөм сүрөт искусствосу – биздин замандын I кылымында жашап өткөн ири кул ээлөөчүлүк мамлекет Кушандар падышачылыгынын курамына кирген Пенджаб, Афганистан аймактары менен Индиянын түндүк-батыш бөлүгүндө өнүккөн көркөм сүрөт искусствосу. Г. к. с. и-су жергиликтүү көркөм сүрөт традицияларынын негизинде өнүккөн, бирок кээ бир белгилери менен грек–рим көркөм сүрөт искусствосуна жакын болгондуктан, айрым буржуазиялык көркөм сүрөт искусство таануучулар гректердин ролун ашкере чоңойтуп көрсөтүшкөн. Биринчи жолу Будданын антропоморфтук түрдөгү скульптуралык сүрөтү (б. а. аны адам түспөлүндө сүрөттөө) мына ушул Г. к. с. и-до жасалган. Буга чейин Будда ар кандай символдор менен берилип келген. Будданы кудайга айланткан бодисатвдардын табынуусун жана буддага сыйынуучулукту татаалдаштырып чагылдырган бул көрүнүш кул ээлөөчүлүк коомдогу религиянын өнүгүш жолундагы жаңы этап болчу. Буддизмди Индиядан сырткары жерлерге таркатуу көрүнүшү да мына ушул мезгилге таандык. Г. к. с. и-до бир катар Чыгыш жана Борбордук Азия мамлекеттерине тараган иконографикалык белгилер жана көркөм ыкмалар калыптана баштайт. Г. к. с. и-сунун мыкты үлгүлөрүндө, мисалы, Будданын кээ бир скульптураларында жана башка диний-мифологиялык каармандарды чагылдырып көрсө­түүдө сыйынуучулук чектен чыкпоо жана образдардагы үлгүлүк канондук эркиндиктин жоктугун артка таштап алга кадам жасаган, реалисттик тенденциялар көрүнө баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]