Гапончулук

Википедия дан

Гапончулук — жумушчулардын жалган уюмдарын түзүп, аларды ревячыл күрөштөн алаксытуу үчүн падышалык бийлик жасаган аракеттердин бири.

Бул аракеттин демилгечиси жанa жетекчиси поп Г. А. Гапон болгон. Ал полициянын уруксаты менен «Санкт-Петербург завод-фабрикаларындагы орус жумушчуларынын чогулушу» деген уюм түзгөн. Анын ус­тавы 1904-ж. 15-февралда бекитилген.

Гапончулар жумушчуларды право­славие чиркөөсүнө берилгендикке тарбиялоого, аларды рев-яга карты коюуга далалаттанып, таптык ынтымак идеясын үгүттөгөн жана жумушчулар­дын кээ бир бөлүгүнүн саясий аң-сезиминин артта калуусунан пайдаланган. 1905-ж. Петербургда «Чогулуштун» 11 бөлүмү түзүлүп, аларга 10 минден ашуун жумушчу кирген. Пе­тербургда жалпы стычка чыкканда (1905-ж. янв.), Гапондун демилгеси менен петиция иштелип, жумушчулардын падышага баруусу уюштурулган. Тынчтын демонстрациясын (1905-ж. 9-янв.) падыша аскерлери атып таркатышы жумушчуларга сабак болгон. Демонстрация 190507-жылдардагы рев-янып чыгышына түрткү берген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.