Гардая

Википедия дан

ГардаяАлжирдеги шаар. Гардая вилайисинин административдик борбору. Калкы 83 миң (2006). Алжир Сахарасынын түндүгүндө, Мзаб оазисинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эл-аралык аэропорту бар. 1053-ж. негизделген. Бийик мунаралуу мечит (11-к.), медресе бар. Мзаб оазисинин курамындагы музей Бүткүл дүйнөлүк мурастынтизмесине кирген. Кустардык колөнөрчүлүгү (килем, кылторко, карапа, булгаарыга сайма саюу, зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Гардаядан Түндүк-батышта жаратылыш газынын ири кени казылып алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]