Гареев Энвер Закизьянович

Википедия дан

Гареев Энвер Закизьянович - (10.1.1910, Татар АССРи, Сарман району, Чураш кыштагы 2.5.1974, Фрунзе) биология илимдер доктору (1957), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1964). Краснодар айылчарбаинститутун бүтүргөн (1936). Кыргыз республикасы жашылча-жемиш станциясында кенже илимий кызматкер (1936) жана директору (1945). Кыргыз ССР ИАнын Ботаника багынын директору (194674). Мөмө бактарынын физиологиясы жана селекциясы боюнча адис. 100дөн ашуун ил. эмгектин, андан ичкери 4 монографиянын автору. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган. КР УИАнын Ботаника багына ысмы берилген. Эмгектери: Агротехнические рекомендации по плодовоягодным культурам и винограду для Киргизской ССР. Ф., 1959; Багбанчылыктын негиздери. Ф., 1968; Особенности образования цветочных почек у яблони. Ф., 1970.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]