Гармониялык термелүү

Википедия дан

Гармониялык термелүү — кандайдыр физикалык чоңдуктун убакыт ичинде синус же косинус закондору менен өзгөрүшү. Ал эң жөнөкөй термелүүлөр болуп эсептелет. Механикалык термелүүдө гармониялык термелүү жылыш аралыгы x=Asin(t+) же x=Acos(t+) теңдемеси менен туюнтулат. Мында xубакыттын берилген t моментинде термелүүчү чоңдуктун маанпсп, A термелүү амплитудасы, (t+) — термелүү фазасы, айлануу же циклдик жыштык, — баштапкы фаза. Графикте гармониялык термелүү синусоида же косинусоида менен мүнөздөлөт. Ал серпилгичтүү же ага окшош өзгөрүүчү күчтөрдүн аракети менен дайыма тең салмактуу абалдын айланасында болот. Гармониялык термелүү түрдүү формадагы термелүүлөрдүн эң маанилүүсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]