Шамама Гасанова

Википедия дан
Гасанова, Шамама Махмудали кызы‎»‎ барагынан багытталды)

Гасанова, Шамама Махмудали кызы [1923-2008 жж. Азербайжаг, Физули району, Араятлы кыш.] — пахтадан мол түшүм алуунун устаты.

Эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1947, 1950). 1946-жылдап КПСС мүчөсү. 1966-ж. Азерб. айыл чарба институн бүтүргөн.

1942-жылдан комсомол-жаштар звеносун башкарган. Ал башкарган звено 1946- ж. 5 га жердин гектарынан 97 ц, ж. ошончо эле жердин гектары­нан 94,1 ц, 1949-ж. гектарынан 76,2 ц пахта алган. 1953-жылдан Физули р-нундагы «1-Май» колхозунун председатели. Колхоздо 1966-ж. ар гектардын тушуму 32,67 ц, 1967-ж. 35 ц ден айланган. Г,— КПССтин 20—23-съезддеринин делегаты. СССР Жог. Советинин (4—8-шайл.) депутаты. Азербайжан КП БКнын мүчөсү (1955). Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жанa бир нече медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.