Гастроскопия

Википедия дан
Гастроскопиялык текшерүү

Гастроскопия (байыркы грек. γαστήρ — «карын» жана σκοπέω — «байкоо, кароо») — ооз жана кызыл өңгөч аркылуу киргизилген атайын аспап — гастроскоп менен карын көңдөйүн кароо.

Гастроскоп линзалуу солкулдак түтүктөн жана карын ичин жарык кылуучу лампочкадан турат. Бул метод ыңгайлуу жана коркунучсуз. Гастроскопия карын ооруларынын (карындын гастрити, жарасы, шишиги) диагнозун тактоодо колдонулат.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8