Гастротрихиялар

Википедия дан

Гастротрихиялар - (Gastrotricha), түк курсактар жумуру курттардын алгачкы көндөйлүүлөр классы. Денеси жалпак, узундугу 0,05 - 1,5 мм. Түкчөлөрү курсак тарабында гана, тулкусун бойлой жана арткы бөлүгүндө жабышчаак бездери түтүкчөлөр жайгашкан. Нерв системасы кулкундун айланасындагы нерв шакекчесинен жана андан таралган нерв талчаларынан түзүлгөн. Сезүү органдары сезгич түкчөлөрү, жыт билүүчү чуңкурчасы, пигменттүү көздөрү (фоторецепторлору) жакшы өрчүгөн. Ичегиси кулкундан башталып, арткы тешик (анус) менен аяктайт. Бөлүп чыгаруучу жуп түгүкчөлөр (протонефридиялар) денесинин капталына ачылат. Гермофродиттер же ургаачысы партеногенез менен көбөйөт. Деңизде жана тузсуз сууларда жашап, бир клеткалуу балырлар жана микроорганизмдер менен азыктанышат. Дүйнөдө 2 тукуму жана 160 түрү белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]