Гастрофилёздо

Википедия дан

Гастрофилёздор (Gastrophiloses) — Gastrophil'is уруусундагы ылаа окурасы панда кылуучу, ай туяктуулардын инвазиялуу ыланы.

Жылкы Гастрофилёздорго жайында ылаң учкан мезгилде чогултат. Ылаң жылкынын денесине 600 гө жакын сиркесин таштайт. Жылкы Гастрофилёздорду кашынганда ж. б. учурда жуктурат. Окура карын менен он эки эли ичегинин былжырлуу челин жаралантып, 9—10 айга чейин мителик кылат. Ичеги-карындын иштеши бузулат. Мал арыктайт. Дары катары хлорофос ж. б. инсектицид колдонулат.

Гастрофилёздордон сактоо үчүп жайында ылаң учуу мезгилинде жылкы түнкүсүн жайытта, күндүзү короо-сарайда багылат. 2% түү хлорофос эритиндиси жана 1 % түү креолин менен жууп тазалайт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.