Гаструляция

Википедия дан

Гаструляция - көп клеткалуу жаныбарлардын түйүлдүгүнүн алгачкы өөрчүү процесси. Гаструляция бөлүнүүнүн акыркы фазасы бластула пайда болгондон кийин жүрөт, түйүлдүк бул мезгилде гаструла деп аталат. Гаструляцияда (кийинчерээк) эки катмардуулардан (былпылдактар жана ичегикөңдөйлүүлөр) башка бардык жаныбарларда үчүнчү түйүлдүк катмары мезодерма бөлүнүп чыгат. Ийнетерилүүлөрдөн башка бардык омурткасыз жаныбарларда мезодерма эки же бир нече өзүнчө клеткалардын телобласттардын бөлүнүшүнөн пайда болот. Ийнетерилүүлөрдө жана татаал түзүлүштүү омурткалуулардан башка бардык хордалууларда мезодерма баштапкы энтодермадан бөлүнөт. Гаструляцияда клетка материалынын татаал жылышуусу болуп, натыйжада клетка бөлүгү бир катмарлуу түйүлдүккө түшөт да, түйүлдүк капталы эки катмарлуу болуп калат. Жерде-сууда жашоочуларда мезодерма менен хорда материалы алгачкы ичегинин жогору (арка) жагында же түбү энтодерма клеткаларынан түзүлгөн гастроцелдин (гаструла көңдөйү) чокусунан орун алган. Гаструляцияда энтодерма клеткалары гастроцелдин чокусунун астында, ал эми мезодерма клеткасы эктодерма менен энтодерманын ортосуна өсө баштайт. Сойлоочулар, канаттуулар жана сүт эмүүчүлөрдө гаструляция процессинде алгач энтодерма пайда болуп, андан мезодерма калыптанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]