Гаусс принциби

Википедия дан

Гаусс принциби (эң аз мажбурлоо принциби) – механиканын вариациялык принциптеринин бири; идеалдуу байланыштары бар (к. Механикалык байланыш) механикалык системанын белгилүү абалдан белгилүү алгачкы ылдамдык менен башталуучу жана байланыштары мүмкүн болтуруучу кыймылы үчүн ар бир учурдагы Z «мажбурлоосу» эң аз кыймыл чыныгы кыймыл болот.

Принципти К. Ф. Гаусс (1829) аныктаган. m массалуу материалдык эркин чекитке F күчү аракет этсе F/m ылдамдануусуна ээ болот; эгерде чекитке байланыш коюлса, ага ошол эле күч аракет этсе, анын ылдамдануусу w болот. Мында байланыштын таасиринен чекиттин эркин кыймылынан четтөөсү ылдамдыктардын айырмасына, б. а. F/m – w көзкаранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]