Гедонизм

Wikipedia дан

Гедонизм - (гр. hēdonē ыракат, жыргал) ыракатты адамдын жүрүм-турумунун жогорку максаты жана негизги жүйөөсү катары көрсөтүүчү этикалык багыт. Ыракатка умтулууну гедонизм адамдардын жүрүм-турумдарындагы негизги кыймылдаткыч күч деп эсептейт. Анткени андай аракеттер адамдарга жаратылыш тарабынан берилгендиктен, бардык кыймылдардын, иштердин баары күн мурунтан, алдын ала белгилеген болуп чыгат. Жакшылыкка умтулуунун себеби адам ар кандай азап чегүүдөн кутулуп, ыракат алууга далалаттанат, ал эми жамандыкта жапа чегип, мээнет тартып азаптанат. Гедонизмди байыркы Грекияда киреналык Аристипп негиздеген (ошол себептен аны «киреналыктардын философиясы» деп аташкан). Гедонизмдин эң өнүккөн формасы Эпикурдун окуусунда чагылдырылган. Гедонисттердин айтуусу боюнча изгилик, кайрымдуулук бул ыракаттанууга жөндөмдүүлүк. Бирок билимдүү, көрөгөч-көсөм, асыл ойлуу акылман адам гана туура ыракаттана алат. Байыркы гедонисттер шайыр мүнөздүү адамдар менен баарлашууну, же болбосо, нааразылык менен кеселден тышкары болууну жогорку ыракат деп санашкан. Гельвеций, Ламетри гедонист болушкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]