Гейлинкс, Арнольд

Википедия дан

Гейлинкс, Арнольд (1624–1669) – голландиялык философ. Лёвен университетинде билим алган жана философия кажердасын жетектеп турган. Католик дининен реформисттик ишенүүгө өткөндөн кийин Декарттын дуализмин негизге алып, клерикалдык жана схоластикалык ой жүргүртүүгө каршы күрөшкөн. Окказионализмдин негиздөөчүсү. Бул окууга ылайык, руханий процесс тийиштүү денелик процесстин башталуусу үчүн козгоочу, түрткү болуучу нерсе, ал эми денелик процесс тийиштүү психикалык процесстин башталуусуна түрткү болот. Кандайдыр бир процесстин башталуусу Кудай тараптан чакырылат. Биз бул окуялардын көрүүчүсү эле болгондуктан (анткени биз рух жөнүндө билгенибиз аз, дене жөнүндө – андан аз, ал эми алардын өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө – баарынан аз), акыры боло турган ишке кыңк этпей моюн сунушубуз керек деген пикирди айткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]