Гелдер

Википедия дан

Гелдер - (лат. gelo муздоо) кээ бир касиеттери катуу заттарга окшош килкилдек сымал колоиддик системалар. Гелдер коллоиддик эритмелердеги золдордун коагуляцияланышынан жана заттар суюктукта көпкөн убакта (желатиндин сууда, каучуктун бензинде жана башка көбүшү) пайда болот. Ал механикалык жана жылуулуктун тааспринен оңой жана кайра калыбына келүүчү бузулууга дуушарланат. Суу дисперсиялык чөйрөдөгү гелдер гидрогелдер, углеводород чөйрөдөгүсү органогелдер деп аталат. Алар лиофобдуу жана лиофилдүү болуп бөлүнөт. Лиофобдуу гелдердин дисперсиялык чөйрөсүн жок кылса (мисалы, буулантса), катуу былпылдак тибиндеги көп сандаган майда тешиктүү структураны берет. Аларга кайра эриткич таасир эткенде золь пайда болбойт. Лиофилдүү гелдердин чөйрөсүн жоготсо, улам көлөмү кичирейип, тыгыз бириккен килкилдекке, андан ары кургатса катуу аморфтуу массага (аэрогелдер) айланат. Бул процесс желатиндешүү деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]