Гелен

Википедия дан

Арнольд, Гелен (1904–1976) – немис философу, философиялык антропологиянын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Анын «Эрктин эркиндигинин теориясы» (1932), «Мамлекет жана философия» (1935) ж. б. эмгектери Фихтенин көз караштарынын таасири астында жазылган. 1930-жана аягында Гелендин назары антропологиялык маселелерди чечүүгө багытталат да, «Адам. Анын жаратылышы жана дүйнөдөгү орду» (1940) деген трактат жазып, анын кээ бир маселелерин «Байыркы адам жана кийинки маданият» (1954) аттуу эмгегинде тактап, өнүктүрөт. Маданият жана техниканын философиясын сындаган пикирде жазылган эмгектери болуп «Техникалык доордогу рух» (1957) жана маданий-сын «Замандын көрүнүштөрү», «Учурдагы живопистин социологиясына жана эстетикасына» (1960) жыйнактары эсептелет. Гелендин жыйынтыктоочу «Мораль жана гипермораль» (1969) китебинде Гелен «плюралисттик этика» концепциясын системалуу түрдө берет. «Адам деген эмне?» деген философиялык антропологиянын негизги суроосуна Гелен теологиялык жана эволюциялык теориялардан бөлөк түшүндүрмө берүүгө умтулат. Адамды Кудай жараткан эмес, ошону менен бирге ал жандуу жаратылыштын эволюциясынын натыйжасы эмес. Адамдын өнүгүүсүн Гелен субъективдүү жана объективдүү байланыштан, жашоонун зарыл шарттарынан издеп табууга аракеттенет. Өзүн түз кармап басуу жана мораль сыяктуу факторлорду бирдиктүү системанын алкагында байланыштырган категорияларды издейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]