Гемолиз

Википедия дан
Гемолиз.

Гемолиз (гемо... жана гр. lesis ажыроо, эрүү), эритроцитолиз тышкы чөйрөгө гемоглобинди бөлүп чыгаруу менен кандагы эритроциттердин бузулушу. Физиологиялык гемолиз эритроциттин жашоо циклинин бүтүшү (12 күндөй) адамдын жана жаныбарлардын организминде тынымсыз жүрүп турат. Анда күнүнө эритроциттин бүт массасынын 0,8% гемолизге учурайт. Ал көбүнчө көкбоордо жүрөт. Эритроциттер ажыраганда андан бөлүнгөн (бошонгон) гемоглобинден өт пигменттеринин бири билирубин пайда болот. Патологиялык гемолиз гемолиздик азкандуулукта, гемоглобинопатияда байкалат. Анда эритроциттердин бузулушу боор, кемик, лимфа түйүндөрүнүн жана башка клеткаларында, ошондой эле кантамырларда жүрөт. Гемолиздин тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса гемолизге клеткадагы жана кантамырдын ичиндеги гемолиздик азкандуулук мүнөздүү. Анда сарык, көкбоордун чоңоюшу, ретикулоцитоз жана башка байкалат. Кийин пайда болгон гемолиздин табияты аутоиммундук болуп, анда эритроциттердин ажырашы антителолордун пайда болуусунун эсебинен жүрөт. Эритроциттердин көп массасынын бузулушу (мисалы, гемолиздик азкандуулукта) организмдин оор абалга (гемолиздик шок) жана өлүмгө учуратышы мүмкүн. Консерваланган кан көпкө сакталганда гемолиз жүрүп, куюуга жараксыз болуп калышы ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]