Геморрагиялык ысытмалар

Википедия дан

Геморрагиялык ысытмалар — адамдын майда кан тамырларын жабыркатуучу вирустук жугуштуу оорулар тобу. Геморрагиялык ысытмалар оорусун айрым кемирүүчүлөр жана кенелер таратат. Геморрагиялык ысытмалардын бир нече түрү (геморрагиялык нефрозонефрит, крым геморрагиялык ысытмалар жана башка) бар.

Геморрагиялык нефрозонефрит Европа бөлүгүндө жана Чыгыш европада кезигет. Майда жапайы кемирүүчүлөр — оору козгогучтун булагы. Заңы менен микробду бөлүп чыгарат. Оору алардын заңы менен булганган тамакты жегенде, сууну ичкенде, булганган чаң менен дем алганда (эгин бастырганда) жугат. Бул оору менен көбүнчө айылда жашагандар, куруучулар, геологдор ооруйт. Демейде оору кышында жана күзүндө кемирүүчүлөр турак жайга, чөп үймөгүнө, самандын арасына чогулганда тарайт.

Оорулуунун денеси ысыйт (39—40°ка чейин). Башы, булчуңдары, буту катуу ооруп, суусайт, алы кетет, уйкусу качат. Тамакка табити тартпайт. Оорулуунун денесинде майда канталаган ысык пайда болот. Тишинен, мурдунан кан агат. Бөйрөк жабыркап, бел, ич катуу ооруйт, кан аралаш заара ушатат. Бөйрөк жакшы иштебей заара денеге тарап, организмди уулантат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8