Генерал

Википедия дан

Генерал (эск.кыр. сангын) - (лат. generalis жалпы, башкы дегенден) Куралдуу Күчтөрдүн жогорку башкаруучу курамына тиешелүү аскердик наам же чин. Генерал чини 1-жолу 16-кылымда Францияда пайда болгон. Рев-яга чейин орус армиясында Генерал-майор, Генерал-лейтенант, инфантерия (жөө аскер) Генералы, атчандар Генералы, артиллерия Генералы, инженер-генерал, Генерал фельдмаршал деген чиндер болгон. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы боюнча (1940-ж. 7-май) Советтик Армияда Генерал-майор, Генерал-лейтенант, Генерал-полковник, армия Генералы деген наамдар, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн тиешелүү түрүнө карай бул наамдарга кошулуп айтылчу кошумча аталыш (мисалы, авиациянын Генерал-майору) белгиленген. КРде Генерал-майор, Генерал-лейтенант, Генерал-полковник, армиянын Генералы деген наамдар сакталган. Бул наамдар КРдин Президентинин Указы менен ыйгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]