Генералов, Фёдор Степанович

Википедия дан

Генералов, Фёдор Степанович [24. 2(8. 3). 1899—3. 5. 1962] —колхоз курулушунун ишмери, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949, 1957).

1940-жылдан КПСС мүчөсү. 1931-ж. Москва обл. Луховицк районунундагы «Красный Октябрь» колхозуна мүчө, 193237-ж. башкарманын председателинин орун басары, 1937—42-ж. председатель. 1942—62-ж. ошол эле райондогу В. И. Ленин атн. колхоздун председатели. Бул колхоз айдоо жердин, шалбаа менен жайыттын 100 га сынан мал чарба азык-түлүгүн өндүрүүдө жог. көрсөткүчкө жетишкен. 1946—54-ж. уйдун саны 190дон 376га, ар уйдан сүт саап алуу 2653—4358 кг га жеткирилип, 100 га а. ч. жеринен 366—1180 ц ге чейин сүт өндүрүлгөн.

КПССтин 20—22-съезддеринин деле­гаты. СССР Жог. Советине (3—6- шайл.) депутат. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жанa медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.