Генетикалык карталар

Википедия дан

Генетикалык карталар - хромосомада чиркелүү тобун түзгөн гендердин бири бирине карай жайгашуу схемасы. Хромосомалардын генетикалык картасын түзүүнүн принцибин Моргандын илимий мектеби иштеп чыккан. Ага гендердин ортосундагы кайчылашуу кубулушунун - кроссинговердин ачылышы көмөктөш болду. Бул принциптин негизинде гендердин хромосоманын уз. боюнча түз сызык түрүндө орун алышы жатат. Эки гендин ортосундагы аралыктын бирдиги катары, алардын ортосундагы кроссинговердин проценти алынат. Бул генетикалык чоңдукту көрсөткөн санды Моргандын эмгегин баалап, "морганид" деп аташкан. Мисалы, чиркелишүүнүн бир тобуна кирген А жана В гендеринин ортосунда 10 % кроссинговер табылган. Демек, бул гендер бири биринен 10 бирдик (морганид) аралыгында жайланышкан. Чиркелишүүнүн бул тобуна дагы С гени кирет дейли. Анын хромасомадагы жайланышкан ордун табуу үчүн С, А жана В гендердин ар бири менен кайчылашуу процесин аныктоо зарыл. Эгерде С гени А менен 3 %, В менен 7 % кайчыланса анда ал ген төмөнкү схемада көрсөтүлгөндөй, экөөнүн ортосунда жайгашат:

А 3% с 7% в 10%

Эгерде С гени А менен 3 %, В менен 13 % кайчыланса, анда ал төмөнкү схемадагыдай А генинин асты жагында жайгашат:

С 3% А 10% В 13%

Хромасомалардын генетикалык картасын түзүү үчүн гендердин мутацияларын изилдеп, көптөгөн аргындаштыруу жүргүзүү керек. Эукариоттордун хромосомдорунун Г. к-ын түзүү үчүн мейоздук жана митоздук кроссинговерди колдонушат. Г. к-ды түзүү жана билүү, организмдердин керектүү белгилерин алууну пландоого жана аларды селекцияда колдонууга, эволюциялык процессти туура түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]