Генотип

Wikipedia дан

Генотип (грек. genos – жаралуу, пайда болуу, typos – форма, түр, түзүлүш) – ата-энесинен алынган белгилүү бир организмдин гендеринин жыйындысы, генетикалык конституция.

Алгач термин 1903-жылы даниялык биолог Б. Иоганнсен тарабынан киргизилген. Ар бир микроорганизмдин, өсүмдүктүн жана жаныбардын өзүнө мүнөздүү генотиби болот. Ушуну менен бирге ар бир түрдүн ичинде организмдер өзүнүн генотиби боюнча айырмаланышат. Адамзаттын ичинде окшош Генотип жалгыз гана бир урук клеткасы бар эгиздерде кездешет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8