Генри Кавил

Википедия дан

Генри Уиллиям Далглиш Кавил (англ. Henry Cavill; /ˈkævᵻl/; 1983-жылы, 5-майда туулган) - британиялык актер. Кавил актердук кесибин "Монте Кристо Графы" (анг. The Count of Monte Cristo, 2002) жана "Мен сарайды басып алам" (анг. I Capture the Castle, 2003) адаптацияланган тасмаларда тартылуу менен баштаган. Андан соң ал Би-Би-Сидеги "Линли инспектордун изилдөөлөрү" (анг. The Inspector Lynley Mysteries), ITV телеканалындагы "Мидсомердеги өлтүрүүлөр"(анг. Midsomer Murders), Showtime телеканалындагы "Тюдорлор" (анг. The Tudors) сыяктуу телесериалдарда кыска жана экинчи пландагы ролдорду аткара баштаган. Кийинчерээк "Тристан жана Изолда" (анг. Tristan & Isolde, 2006), "Жылдыздуу чаң" (анг. Stardust, 2007), "Кандуу агым" (анг. Blood Creek, 2009) жана "Өлбөстөр" "Immortals, 2011) сыяктуу Голливуд тасмаларында роль жараткан.

Кавил Showtime телеканалындагы "Тюдорлор" телесериалында Саффолк герцогу - Чарлз Брендондун ролу аткарган. Ал эми 2008-жылы ал мырзаларга арналган Данхилл атырынын расмий өкүлү аталган.

Кехил DC Extended Universe тарткан "Болот адам" (анг. Man of Steel, 2013) супер баатыр тасмасында супер баатырдын ролун аткаруу менен кеңири таанылып, дүйнөлүк атактуулукка жеткен. Бул тасма 2016-жылы "Бэтмен суперменге каршы: Адилеттүүлүк таңында " (анг. Batman v Superman: Dawn of Justice) тасмасы чыкканга чейин эң кирешелүү супер баатыр тасма болгон жана бул тасмада да Кехил баш каармандын ролу аткарган. 2015-жылы ал Арми Хаммер менен биргеликте "А.Н.К.Л. агенттери" (анг. The Man from U.N.C.L.E) тасмасында тартылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]