Геодезиялык аспаптар

Википедия дан

Геодезиялык аспаптар, геодезиялык приборлор – чекиттердин жер бетиндеги ордун аныктоодо, аралыкты, бурчту жана бийиктиктердин айырмасын ченөөдө же чекиттердин координаталарын түзүү жолу менен алардын жер бетиндеги анык абалын аныктоодо пайдаланылуучу аспаптар. Геодезиялык аспаптарга аралык өлчөгүч (өлчөө тасмасы, байыр аспаптары ж. б.), бурч өлчөгүч (буссоль, теодолит ж. б.), бийиктик өлчөгүч (нивелирлер), графикалык сүрөттөө жүргүзүүчү аспаптар (мензула, кипрегель менен), астрономиялык жана маркшейдерлик аспаптар кирет. Аралык өлчөөдө уз. 20 же 50 м болот тасма, триангуляцияда жана полигонометрияда уз. 24, 48 жана 72 м келген инвар зымы же тасмасы бар асма байыр приборлору колдонулат. Жер бетинин бурчу экердин жардамы менен түзүлөт. Теодолит-тахеометр горизонталь жана тик бурчту аныктоочу аспап. Мамлекеттик триангуляциялык тармактардын ж. б. таяныч чекиттердин географиялык координаталарын аныктоочу аспаптар да (стационардык астрономиялык аспаптар) Геодезиялык аспаптардын тобуна кирет. Чекиттин географиялык кеңдигин, узундугун жана жер бетиндеги нерсенин азимутун аныктоочу универсал аспап астрономиялык пункттарды аныктоодогу негизги аспап. Жер бетинин ой-чуңкур, түздүгүн (бийиктигин) аныктоо үчүн геодезиялык нивелир жана рейка колдонулат. Мензула жана кипергель графикалык жол менен топографиялык сүрөттөө жүргүзүүдө пайдаланылат. План түзүү үчүн транспортир, координаталык торду түзүүчү Дробышев сызгычы, өлчөгүчтөр ж. б. жардамчы аспаптар колдонулат. Пландын аянты планиметр менен өлчөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]