Геодезиялык белгилер

Википедия дан

Геодезиялык белгилер – жер бетиндеги геодезиялык пункттарды көрсөтүү үчүн атайын курулган белгилер. Геодезиялык белгилердин үстүндөгү бөлүгү таш мололор, жыгач же металл мунаралар түрүндө тургузулуп, алардын бийиктиги менен конструкциясы жердин шартына жана пункттардын аралыгына жараша ар түрдүү болот. Негизинен бийиктиги 618 мге жетет. Жер астындагы бөлүгү бетондон же бетонго карматылган темир түтүктөн турат. Анын ортосуна чоюн марка бекитилип, ага чекит же көзөнөкчө белгиленет. Ал пункттун геодезиялык борбору катары эсептелет. Нивелирлөө пункттарындагы белгилер репер же имараттардын керегесине тагылган чоюн марка. Маркага геодезиялык пункттун номери жана түрү коюлуп жазылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]