Геометриялык оптика

Википедия дан

Геометриялык оптика – жарык нурлары деген көзкараштын негизинде оптикалык нурлануунун (жарыктын) таралуу закондорун үйрөтүүчү оптиканын бөлүмү.

Жарык нуру үчүн жарык энергиясынын агымы тараган түз сызык алынат. Нур деген түшүнүк, жарык дифракциясы эске алынбаган учурда гана пайдаланылат. Геометриялык оптика закондору оптикалык системалардын жөнөкөйлөтүлгөн, бирок көпчүлүк учурларда жетишээрлик так теориясын түзүүгө мүмкүндүк берет. Геометриялык оптика оптикалык сүрөттөлүштүн пайда болушун түшүндүрөт, оптикалык системалардын абберациясын эсептөөгө жана оптикалык система аркылуу өткөн жарык нурунун энергиялык катышын чыгарууга жардам көрсөтөт. Бирок Геометриялык оптикада, сүрөттөлүштүн сапатына таасир берүүчү жана оптикалык куралдардын ажыратуу жөндөмдүүлүгүн аныктоочу толкундук кубулуштар каралбайт.

Жарык нурларынын бири биринен көзкаранды болбой таралышы жөнүндөгү көзкараштар байыркы (античный) илимде эле пайда болгон. Байыркы грек окумуштуусу Евклид, жарыктын түз таралуу жана күзгүлүү чагылуу законун негиздеген. Кээ бир оптикалык куралдар (көрүү түтүгү, телескоп, микроскоп ж. б.) 17-кылымда ойлонуп табылгандан кийин Геометриялык оптика тез өнүккөн. Голландиялык математик В.Снеллиус жана фр. окумуштуусу Р.Декарт тарабынан жарыктын чагылуу жана сынуу закондору, тажрыйба жүзүндө аныкталган. Ферма принциби ачылгандан кийин, Геометриялык оптиканын теориялык негиздерин түзүү 17-кылымдын ортосунда аяктаган.

Тарыхый алганда мурда ачылган жарыктын түз таралуу, күзгүлүү чагылуу жана сынуу закондору Ферма принцибинин натыйжалары болуп калган.

18-кылымдан баштап Геометриялык оптика оптикалык системаларды эсептөө ыкмаларын жак-шыртып, колдонмо илим катары өнүккөн. Геометриялык оптика закондору Ааламды үйрөнүүдө, айыл чарбасында, медицина ж. б. илимий изилдөөлөрдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]