Геометриялык оптика бөлүмү

Википедия дан

Геометриялык оптика бөлүмү – тунук чөйрөдө жарык геометриялык түз сызык боюнча таралат деген түшүнүктүн негизинде жарыктын таралуу закондорун изилдейт. Геометриялыкоптикабөлүмүнүн закондору оптикалык системалардын жөнөкөйлөтүлгөн, бирок көпчүлүк учурда жетишерлик так теориясын түзүүгө мүмкүндүк берет. Оптикалык сүрөттөлүштүн пайда болушун түшүндүрөт, оптикалык системалардын абберациясын эсептөөгө жана оптикалык система аркылуу өткөн жарык нурунун энергиялык катышын чыгарууга жардам көрсөтөт. Жарык нурларынын бири бирине көз каранды болбой таралышы жөнүндөгү көз караштар байыркы илимде эле пайда болгон. Байыркы грек окумуштуусу Евклид жарыктын түз таралуу жана күзгүлүү чагылуу законун негиздеген. Кээ бир оптикалык куралдар (көрүү түтүгү, телескоп, микроскоп ж. б.) 17-кылымда ойлонуп табылгандан кийин, Геометриялык оптика тез өнүккөн. Голландиялык математик В. Снелл жана франциялык окумуштуу Р. Декарт тарабынан жарыктын чагылуу жана сынуу закондору тажрыйба жүзүндө аныкталган. 18-кылымдан баштап оптикалык системаларды эсептөө ыкмалары жакшыртылып, Геометриялык оптика колдонмо илим катары өнүккөн. Геометриялык оптика закондору Ааламды изилдөөдө, а. ч-нда, медицинада ж. б. илимий изилдөөлөрдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]