Геометриялык стиль

Википедия дан

Геометриялык стиль – көркөм искусство тарыхынын термини. Байыркы грек (карапа чийүүсүнүн) вазописинин өнүгүүсүндөгү алгачкы стадия Г. с. аталган. Г. с-деги эстеликтер биздин заманга чейин 2-миң жылдыктан VIII кылымга чейинки мезгилге таандык. Бул стилдеги жасалга өз ичине геометриялык орнаментти камтыган, ал эми кийин өтө схемалаштырылган адам жана айбанаттардын сүрөттөрү кошулган горизонталдык тилкелерден турган. Кеңири мааниде – термин ошол эле мезгилдин башка бир типтеги эстеликтерин (мисалы, сыйынуу үчүн кызмат кылган майда скульптураны) атап көрсөтүү үчүн колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]