Геометриялык фактор

Википедия дан

Геометриялык фактор – фотометрияда, космос физикасында бөлүкчөлөрдүн агымын жана нурланууну каттоодо кеңири колдонулган, нурдануу шооласынын геометриясын аныктоочу чоңдук. Геометриялык фактор диафрагмалардын өлчөмдөрүнө жана өз ара жайланышына көзкаранды.

Геометриялык фактор берилген көптүк багыттарга тиешелүү болгон түз сызыктар кесип өтүүчү каалагандай беттерге карата инварианттуу жана көптүктүн өлчөмү катарында кабыл алынат. Нур көптүгүнүн өлчөмү жөнүндөгү түшүнүк биринчи жолу 20-кылымдын 30-ж-рында, А.А.Гершун тарабынан киргизилген. Геометриялык фактор инварианттуулугу жазы шоолалар үчүн да сакталат. Геометриялык фактор фотометриялык чоңдуктардын системасын түзүүдө да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]