Геоморфологиялык цикл

Википедия дан

Геоморфологиялык цикл – рельефтин жер бетинин тилмеленүү жана түздөлүү доорлорун камтыган өнүгүү этаптары. Терминди алгач 1950-ж. америкалык окумуштуу У. М. Дейвис сунуштаган. Геоморфологиялык цикл рельефтин өнүгүү стадияларынан турат. Ал тоолордун көтөрүлүүсүнөн баштап, толук талкаланышына чейинки мезгилди («жаш», «жетилген», «байыркы») камтыйт. Геоморфологиялык цикл пенеплен түшүнүгү менен тыгыз байланышта; мисалы, азыркы накта пенеплен Казак Сары-Аркасы. Рельефтин жаш мезгили Жердин ички күчтөрүнүн таасири астында түздүктөрдүн көтөрүлүүсүнөн башталат. Көтөрүлүү учурунда пенеплен бузулуп, дарыя өрөөндөрү тереңдеп, тектирлерди пайда кылат. Тоо системасы толук көтөрүлүп, калыптангандан кийин, сырткы климаттык жана гравитациялык күчтөрдүн таасиринен кайра талкаланууга дуушар болот. Талкалануу продуктулары ойдуңдарга топтолот же тоо системасынан сыртка шиленип кетет; натыйжада рельефтин бузулуу стадиясы («картаң рельеф») башталат; ага мисал Урал тоолору. Тоо системаларынын талкалануусу жана шилениши жаңы пенеплен түзүлгөнгө чейин созулат. Геоморфологиялык цикл пенеплендешүүдөн башталып, жаңы пенеплен менен бүтөт. Геоморфологиялык циклдин орто узактыгы ондогон млн жыл. Теңир-Тоодо Геоморфологиялык цикл бир нече жолу болуп өткөн. Кырка тоолордо байыркы (палеозойдо жана мезозойдо пайда болгон) пенеплендердин калдыктары этектоо, супатоо сымал түрдүү бийиктиктерде кездешет. Ал эми ойдуңдарда байыркы пенеплен терең (5-6 кмге) чөгүп, үстүн талкаланды тектер жаап калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]