Геосаясат

Wikipedia дан

Геосаясат (гр. Гео – жер, саясат – мамлекетти башкаруу саясаты) – саясий-географиялык билимге таянып, экономикалык өнүккөн мамлекеттердин глобалдык кызыкчылыктарын жана тышкы саясатын негиздөөчү саясий концепция.

Геосаясат терминин илимге швед окумуштуусу Р. Челлен киргизген. Бул концепциянын фундаментин немец географы жана зоологу Ф. Ратцел иштеп чыккан мамлекет жөнүндөгү өзгөчө окуу түзөт. Ал «тынымсыз өсүүгө жана аймактык кеңейүүгө умтулуучу, биогеографиялык организм катары көрсөтүлөт. Ф. Ратцелдин ою боюнча, мамлекеттин жашоосу ал ээлеген аймактын чегиндеги географиялык чөйрө менен шартталган. Мамлекеттердин эволюциясын ачып көрсөткөн, концециясынын маанилүү түшүнүктөрү төмөнкүлөр: «чек аралардын табигыйлуулугу», «жашоо мейкиндиги», «мамлекеттик турмуштук маанилүү кызыкчылыктары», «географиялык абал». Алардын көбү биринчи басылышы 1897-ж. чыккан «Саясий география» аттуу Ф. Ратцелдин эмгегинде баяндалып, негизделген. ХХ к.

Германия, Англия, АКШда геосаясий ой жүгүртүүлөрүнүн дүйнөлүк борборлору түзүлгөн. 1933-ж. бийликке фашизмдин келиши менен «жашоо мейкиндикти басып алуу» талабы Германиянын саясатынын башкы максаты деп жарыяланган. «Чоң мейкиндик», «Европалык жашоо мейкиндик», «Чыгыш мейкиндиги» концепциялары «жашоо мейкиндик» теориясынын составдык бөлүктөрү болуп саналган. Генерал К. Хаусхофер геосаясий идеялардын өнүгүүсүнө жана германдык геосаясий концепциянын негизделишине маанилүү салым кошкон. Геосаясий идеяларды англиялык жана америкалык окумуштуулар X. Маккиндер, Н. Спикмен, А. X. Мэхэн жана башка интенсивдүү өнүктүрүшкөн.

Англиялык географ X. Маккиндер дүйнө жүзүндө саясий жана экономикалык көзөмөлдү орнотуу үчүн алгач «ички курчоого» – Атлантика океанын жээктеген аймактарга жана Батыш Европа өлкөлөрүнө ээ болуу зарыл экендигин ырастаган. Муну «хартлендди» – жердин жүрөгүн, башкача айткада Евразиянын континенталдык мейкиндигин – Россияны баш ийдирбестен ишке ашыруу мүмкүн эмес деген. Америкалык Геосаясат «панамериканизм», «күчтүн борбору», «көп уюлдуулук», «биоуюлдуулук», «аскердик-деңиз кубаттуулугу» түшүнүктөрү иштеп чыгарылып, кеңири жайылтылган. Алар АКШнын тышкы саясатынын калыптанышына жана алардын эл аралык аренадагы позициясына зор таасир тийгизишкен. 40-жыл башында Берлин, Париж, Прага, Софиядагы орус эмиграциясынын интеллектуалдык элитасы өзгөчө «Россия-Евразия» концепциясын иштеп чыгарышкан. Ал ушул учурда актуалдуу мааниге ээ болууда. Геосаясат концепциясында «геосаясий мамилелер» түшүнүгүндө адекваттуу чагылдырылган «коом-жаратылыш» системасындагы өзгөчө өз ара байланыштар бурмаланган түрдө чагылдырылат. Политологияда ал саясий ишмердүүлүктүн, геомейкиндик шарттардын жана натыйжалардын объективдүү биримдигин абстрактуу формада чагылдырат деп эсептелет.

Түрдүү геосаясий концепциялардын келип чыгышында зор ролду планетада чийки жана энергетикалык ресурстарды бөлүштүрүүнүн текшисиздигинин глобалдуу фактору ойноду. Индустриалдык цивилизация шарттарында ал батыш окумуштуулары тарабынан геосаясий теорияларды негизинде жана эл аралык карама-каршылыктарды түшүндүрүү үчүн колдонулган. Көптөгөн политологдордун ою боюнча бир топ мамлекеттердин, айрыкча АКШнын эл аралык саясатында геосаясий мотивдердин ролу өсүүдө. 80–90-ж. Ата Мекендик илимде Г-ты анализдөөгө жаңы мамиле калыптана баштады. Ал географиялык фактордун, улуттук кызыкчылыктардын, саясий жана экономикалык артыкчылыктардын өз ара байланыштырууга негизделген мамлекеттердин тышкы саясатынын теориясы жана практикасы сыяктуу түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9