Геосфералар

Википедия дан

Геосфералар (гео.. жана сфера) – жердин агрегаттык абалы, физикалык касиеттери жана химиялык курамы боюнча айырмаланган, борборлошкон, бүтүн же үзгүлтүктүү катмарлары (кыртыштары). Жердин четинен борборун көздөй магнитосфера, атмосфера, гидросфера, литосфера, мантия жана Жердин борбордук бөлүгү ядро бөлүнөт. Мындан тышкары Геосфераларга жер бетинде тиричиликти жайылткан жана атмосферанын төмөнкү, литосферанын жогорку бөлүгүн, бүт гидросфераны камтыган биосфера, ошондой эле спецификалык түрдө географиялык кыртыштар кирет. Геотермдик баскыч — жер кыртышындагы тоо тектердин температурасынын туруктуу деңгээлден баштап, тереңдеген сайын 1°С жогорулаган аралык (м). Геотермдик баскыч чоңдугу, жер кыртышындагы ар башка жерлер менен ар башка тереңдиктерде 5 мден 150 мге чейин өзгөрөт. Орточо чоңдугу 33 м барабар кабыл алынып, ал чөкмөтектердеги нормалдуу жылуулук агымды мүнөздөйт. Өтө тереңдиктерде басым чоңойгон сайын жылуулук өткөргүчтүктүн да жогорулашына байланыштуу температуранын өсүшү же басаңдашы болжолдонот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]