Геотермия
Геотермия (гео... жана гр. thtrme жылуулук) –жердин ички жылуулук абалына жана жана жылуулуктун тарыхын изилдөөчү геофизика илиминин бир тармагы. Күн нурунун жылуулугу жер кыртышынын үстүнкү катмарына гана өтөт. Бирок, улам тереңдеген сайын температура ар бир 100 мде 3°ка көтөрүлөт. Бул жер астында жылуулук булагы бар экенин айгинелейт. Түрдүү байкоолор боюнча Жердин борборунун температурасы 2000-5000°Сден ашпайт. Улам тереңдеген сайын темпра көтөрүлүп, ошол себептүү Жердин терең катмарларынан өйдө багытталган жылуулук агымы пайда болот. Ал агымдын көлөмү температуранын градиент менен тоо тектеринин жылуулук өткөргүчтүгүнө түз пропорциялаш болуп, жылына жер бетинин ар бир см2де 30-60 ккал жылуулук топтолот. Бул Жердин Күндөн алган жылуулугунан 4 миң эсе аз. Ошондуктан жер астынан келген жылуулук климатка таасир этпейт. Жердин жылуулугун ченөө үчүн сымап жана электр термометрлери колдонулуп, алар көзөнөкчөнүн ичине коюлат. Тоо тектеринин жылуулук өткөргүчтүгү өтө төмөн, ошон үчүн жер астындагы жылуулукту энергия булагы катары пайдалануу кыйынга турат. Геотермиялык изилдөөлөрдүн геофизиканын теориялык маселелерин чечүүдө чоң мааниси бар (мисалы, тектоникалык гипотезаларды түзүүдө жана баамдоодо).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4