Геотермиялык электр станциясы

Википедия дан

Геотермиялык электр станциясы — жер астындагы ысык булактардын жылуулук энергиясын электр энергиясына айландыруучу жана жылуулук менен камсыз кылууга пайдалануучу курулушгар менен жабдуулар комплекси. Геотермиялык электр станциясына генераторлор, буу турбиналары жайгашкан машина залы, турбиналардын конденсаторлорун муздатып туруучу суу жабдуусунун техникалыксистемалары, жер астындагы буу менен сууну тышка чыгаруучу бургулоо көзөнөктөрү жана жогорку вольттуу электро-техникалык жабдуулар кирет. Жер астындагы ысык суу менен буунун аралашмасы сепараторго (ысык сууну буудан бөлүүчү аппарат) алып келинет. Мындан бөлүнүп чыккан буу генераторду айландыруучу турбинага жиберилип, ысык суу жылуулук менен жабдуу системасына жөнөтүлөт. Жер астындагы суунун температурасы 200°Сна чейин жетип, айрымдары андан да жогору болот. Ошондуктан мында атайын бургулоо жабдуулары колдонулуп, көзөнөктүн өзөгү муздак ылай менен суутулуп турат. Геотермиялык электр станциясын курууда дат баспас металлдар — аллюминий, анын куймалары жана жер титирөөгө туруктуу констрлар пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]