Геотехнология

Википедия дан

Геотехнология – кенди жаткан жеринен эле иштетүүнүн химиялык, физикалык-химиялык, биохимиялык жана микробиологиялык ыкмалары. Көмүрдү жер астында газга айландыруу, күкүрт эритип алуу, жер астындагы ысык суулардан минерал заттарды бөлүп алуу, нефтини жылуулук аркылуу чыгаруу ж. б. ыкмалар Геотехнологияга мисал боло алат. Дүйнөдө казып алынуучу күкүрттүн 2/3ге жакыны жер астындагы кен чыккан жердин өзүндө өтө ысык суу менен эритип алынат. Ушул ыкма менен алынган күкүрттүн сапаты да жогору (99,99%) болот. Өзүлөрү 80-90°Сде эрий турган асфальт, бура, озокерит ж. б. минералдарды да ушул ыкма менен алууга болот. Калий тузу жаткан жеринде эритилип, сордурулуп чыгарылган эритме буулантуу аркылуу алынат. Геотехнология запасы анчалык көп болбогон кен-таштарды казып алууга, чачыранды элементтерди алууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]