Геофизикалык кен чалгындоо ыкмалары

Википедия дан

Геофизикалык кен чалгындоо ыкмалары – кен издөө жана чалгындоо максатында жер кыртышынын түзүлүшүн физикалык ыкмалар менен изилдөө. Алар Жердин гравитация, магнит, электр талааларын, жылуулук, ядролук нурлануусунун жана серпилгич толкундун таралуусун изилдөөгө негизделген. Алынган маалыматтар кендин жайгашкан орду, геологиялык структурасы ж. б. мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн колдонулат. Бул ыкмалар бир нече түргө бөлүнөт. Гравиметриялык чалгындоо Жердин оордук күч талаасынын бөлүнүшүн аныктоого негизделген. Магниттик чалгындоо Жердин табигый магнит талаасын изилдейт. Жердин кайсы чекитинде болбосун, магнит күчүн байкоого мүмкүндүк Магниттик күчтүн нормалдуу шарттан кыйшаюусу өзгөчө темир аралашмасы бар тоо тектерде өтө чоң болот. Сейсмдик чалгындоодо жарылуучу заттар (тротил ж. б.) колдонулуп, серпилгич толкун талаасы изилденет. Серпилгич толкундар тоо тектердин төмөнкү катмарларына жетип, геометриялык оптиканын мыйзамы боюнча кайра жердин үстүн көздөй чагылат. Серпилгич толкундардын жерге таралышы жана кайра чагылышы атайын аспаптардын жардамы менен аныкталат. Электрдик чалгындоо Жердеги табигый электр тогунун же жасалма жол менен пайда болгон электр тогунун талаасын аныктоонун негизинде жүргүзүлөт. Толкун (радио толкун) ыкмалары өтө ылдам өзгөрүлүүчү электр магнит талааларынын жардамы менен жүргүзүлөт. Толкун ыкмалары тоо тектердин, кен байлыктардын электр-магнит толкундарын өткөргүчтүүлүгүнө жана ал толкундардын кайра чагылышына негизделген. Радиометрдик ыкма радиоактивдүү заттардын таасиринен газдардын иондошуу кубулушун изилдейт. Бул ыкмалар Кыргызстанда кеңири колдонулуп, алардын жардамы менен көптөгөн кендер ачылган. Аталган ыкмалардан тышкары чалгындоо геология, геохимия, геотектоника, стратиграфия жана минералогия илимдери менен да тыгыз байланыштуу. 18-кылымда алгачкы жолу тажрыйбалык геологияда Геофизикалык кен чалгындоо ыкмаларын колдонуу негиздүү экенин М. В. Ломоносов, К. Гаусс, Ш. Кулон ж. б. тарабынан айтылган. 19-кылымдын аягында Л. фон. Этвли кен байлыктарды чалгындоо үчүн гравитациялык вариометрди ойлоп тапкан. 1906-16-ж. туңгуч ирет Д. В. Голубятник нефть көзөнөктөрүндө температуралык ченөөлөрдү жүргүзгөн. Ошол эле жылдары Б. Б. Галицын электр-динамикалык сейсмографты конструкциялап ишке киргизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]