Геохимиялык кен издөө ыкмалары
Геохимиялык кен издөө ыкмалары — жердин литосфера, гидросфера, атмосферара жана биосфера кабаттарында химиялык элементтердин таралуу закон ченемин изилдөөнүн негизинде кен табуу жолдору. Бул ыкмалар аркылуу адегенде белгилүү бир жердеги тоо тектеги, топурактагы, жаратылыш сууларындагы, жерге чектеш атмосферадагы жана өсүмдүктөрдөгү химиялык элементтердин өлчөмү, б. а. жергиликтүү геохимиялык фон (Сф) аныкталат. Геохимиялык фон жер кыртышындагы элементтердин кларкына чамалаш же андан арбын болушу мүмкүндүк Кенге жакын аймакта химиялык элементтердин өлчөмү геохимиялык фондон аз же көп болуп өзгөрөт. Ал геохимиялык аномалия (C0) деп аталат. Геохимиялык аномалия аймакта кен бар экенин түздөн-түз көрсөтөт. Алар ысык эриндилер аркылуу кен пайда болгон кезде жана андан кийин экзоген процесстеринин таасиринен кен-таш түзүүчү негизги жана кошумча элементтер айланадагы тоо тектерге өтүп, чачырап которулушунан (миграциядан) келип чыккан. Геохимиялык аномалияларды аныктоо үчүн изилденүүчү аймактан системалуу түрдө ар түрдүү сынактар алынат. Айрым элементтер сынаксыз эле приборлор менен аныкталып, автоматтык, түрдө жазылып турат (радиометр, бериллометр). Геохимиялык кен издөө ыкмаларынын негизгилери: 1) литохимиялык ыкма тоо тек жана алардын күкүмдөрүнөн текши сынак алуу, алардагы элементтерди аныктоо менен аномалияларды табуу; 2) гидрохимиялык ыкма жер астындагы жана үстүндөгү суулардын курамындагы химиялык элементерди, эриген минерал заттарды, иондорду, газдарды, рН ж. б. аныктоо аркылуу гидрохимиялык аномалияларды табуу; 3) биохимиялык ыкма белгилүү өсүмдүктөрдү текшерип, өрттөп, күлүн анализдөө менен аномалияларды ачуу; 4) атмогеохимия же газ ыкмасы атмосферанын жерге чектеш кабатындагы жана топурак кыртышындагы абанын курамынан айрым газдарды изилдөө жана алардын өлчөмүн аныктоо менен кен табуу. Алынган сынактардан керектүү элементтердин өлчөмү спектр анализи ж. б. аркылуу аныкталып, алар математикалык жолдор менен иштелип чыгат. Натыйжада аймактын геохимиялык карталары, диаграммалар, профилдер түзүлүп, андагы чачыроонун ореолдору жана агымдары (геохимиялык аномалиялар) белгиленет. Алар казынды жана бургулоо жумуштары менен текшерилет. Геохимиялык ыкмалар алгачкы жолу СССРде (1932-жылдан) колдонула баштаган. Анын теориялык жана практикалык негизи советтик геологдор В. И. Вернадский, A. Е. Ферсман, А. П. Виноградов, А. А. Сауков, B. А. Соколов, Н. И. Сафронов, И. И. Гинзбург, А. П. Соловов тарабынан иштетилип чыккан. Аталган ыкмалар Кыргызстанда кеңири колдонулуп, алардын жардамы менен көптөгөн кендер ачылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4