Геохимиялык процесстер

Википедия дан

Геохимиялык процесстер – тоо тектер менен минералдардын, ошондой эле аларды пайда кылган эринди менен эритмелердин химиялык курамынын өзгөрүү абалы. Геохимиялык процесстердин натыйжасында элементтер алмашат, бирөөлөрү азайып, экинчиси көбөйүп, алар жер кыртышында дайыма жылып турат (миграция). Тоо тек же минерал пайда кылуучу материал адегенде белгилүү бир химиялык курамда болот. Тоо тек пайда болгондо материал башка шартка өтөт да, курамы өзгөрөт. Кийин геологиялык түрдүү шарттарга туш келип, туруксуз элементтер физикалык жана химиялык жактан өзгөрөт, тоо тек же минерал алгачкы курамынан дагы айырмаланат. Мындай процесс тынымсыз, узак убакыт бою акырындык менен жүрө берет. Геохимиялык процесстер геологияга чейинки же планеталык, эндогендик, экзогендик жана метаморфогендик процесстерге бөлүнөт. Геологияга чейинки Геохимиялык процесстер Жердин асман телосу катары пайда болушуна байланыштуу процесстерди камтыйт. Мында космостук чаң менен метеориттердин эсебинен Жердин химиялык курамы өзгөрөт. Эндогендик Геохимиялык процесстер үстүнкү мантияда магманын эришинен башталат. Магма температура жана басымдын өзгөрүшү (төмөндөшү) менен ар түрдүү татаал дифференциацияга (ликвация, кристаллдануу ж. б.) туш болуп, андан химиялык курамы, структурасы жана бир эле минералдан өлчөмү ар түрдүү тоо тектер жана кендер (кен-таштар) пайда болот. Адегенде (600-800°С) ультра негиздүү жана негиздүү тоо тектер (дунит, перидодит, пироксенит, габбро ж. б.) пайда болуп, аларда Fe, Cr, Ti, Pt ж. б. кен-таштар топтолот. Бул элементтердин бөлүнүп кетишинен кийин магма кычкылданып, диориттерди бөлөт. Андан кийин магма Si, Al, Na, F, H, В ж. б. менен байып, кристаллданган (700°С) граниттер жана пегматиттер келип чыгат. Газ элементтер (Н, С1 ж. б.) мурда каткан тоо тектерге таасир тийгизип, автометаморфизм сыяктуу метасоматоздук процесстерге дуушар кылат. Ошону менен катар сейрек металлдардын топтолушу жүрөт. Акырында магмадан бөлүнүп чыгып, сууп калган буу, газ жана ысык суулар (50°550°C), скарн, грейзен жана пневматолит гидротерм. кендерин (Cu, РЬ, Au, Ag, Zn, Sn, W, U ж. б.) пайда кылат. Экзогендик Геохимиялык процесстерге же жер бетиндеги тоо тектердин организм, суу ж. б. таасири менен (окистенүү, карбонаттануу ж. б.) үбөлөнүп бузулушунан алардын химиялык курамынын бир түрдөн экинчи түргө өтүү процесстери кирет. Үбөлөнгөн тоо тектердин күкүмдөрү жана эриндилери суу менен деңиз-океандарга агып келет да, химиялык дифференциацияга дуушарланат. Адегенде жээкте бокситтер, андан ары темир, марганец кен-таштары, фосфориттер, алардан кийин акиташтеги жана доломиттер чөгөт. Бул чөкмөлөрдүн химиялык курамынын андан аркы өзгөрүшү диагенез, эпигенез, биогенез ж. б. процесстердин натыйжасында болот. Метаморфогендик Геохимиялык процесстердин натыйжасында тоо тектердин химиялык курамы өзгөрүп, алар метаморфизмделген башка түрдөгү тоо тектерге айланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]