Геоэкологиялык маалымат системасы

Википедия дан

Геоэкологиялык маалымат системасы – айлана-чөйрөгө анализ жүргүүзүүгө, алдын ала божомолдоого, ошондой эле башкаруу маселелерин чечүүгө багытталган аппараттык-программалык комплекс. Ал өзүнө маалымат чогултуу, топтоо, кайра иштеп чыгуу, жаңылоо жана мейкиндик боюнча багытын аныктап жайылтуу иштерин камтыйт. Геоэкологиялык маалымат системасы 1993-ж. Россияда түзүлгөн. Келечекте айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча эларалык бирдиктүү маалымат системасын түзүү каралууда. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) айланачөйрө боюнча программасынын негизинде Геоэкологиялык маалымат системасынын «Global Resourse Information Database» концепциясы түзүлгөн. Геоэкологиялык маалымат системасынын түзүүнүн негизги концепцияларына төмөнкүлөр кирет: аймактын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен маалыматтарды чогултуу жана алмашуу боюнча бирдиктүү технологияны колдонуу; аппараттык-программалык каражаттарды бир түргө келтирүү; долбоорлук жана көзөмөлдүк документтер системасы менен иштелип чыккан маалымат жыйынтыктарынын шайкештиги, программалык каражаттардын вариобелдүүлүгү жана ачыктыгы. Геоэкологиялык маалымат системасынын технологиясы методологияны, алгоритмдерди жана аспаптык чөйрөнү (аппараттык программалык комплексти) камтыйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]