Гербарий

Википедия дан

Гербарий (латын тилинде herbarium, herba – чөп, өсүмдүк) – өсүмдүктөрдүн атайын жыйналып, кургатылган коллекциясы; кеңири мааниде кургатылган өсүмдүктөр сакталган мекеме. Ал илимий иштерде жана жогорку окуу жайларында, мектептерде көрсөтмө курал катары, ошондой эле ботаника, геоботаника, экология боюнча илимий-изилдөөдө кеңири пайдаланылат. Алгач Италияда 16-кылымда пайда болгон. Гербарий үчүн чөп өсүмдүктөр тамыры менен казылып, ал эми бадал, дарактардын гүлү же мөмөлөрү, бутагы жалбырагы менен кесилип алынат да, нымды жакшы соруучу эки барак кагаздын ортосуна жайып салынып, атайын кол папканын ичинде сакталат. Гербарийге өсүмдүк аты, өскөн жеринин шарты, качан жана ким жыйнаганы жазылат. Гербарийдеги өсүмдүк тукуму, түрү аныкталып, катуу кагазга ар кайсы жеринен көктөлүп, сыртынан жука кагаз менен капталат. Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын флора лабораториясында 150 миң барактан турган Гербарий бар. Франциядагы Табият тарыхынын улуттук музейде (Париж) 8 млндон ашык барак чогултулган. Дүйнөдө 1800дөй Гербарийде 250 000ден ашуун өсүмдүк түрү сакталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]