Герез мөңгүсү

Википедия дан

Герез мөңгүсүТүркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк тармагы – Карабел тоосунун чыгыш капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун сол курамы Актеректин алабынан орун алган. Узундугу 6,2 км, аянты 4,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5400 м, этеги 3560 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4546 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. Бетинде бузулган мөңгүлөр, жаракалар менен омурулган муздар кездешет. «Тилинин» учу морена менен капталган. Мөңгүдөн Герез суусу агып чыгып, Актеректин сол куймасы – Матчага куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]