Герек Эдвард

Википедия дан

Герек Эдвард (6-январь1913-ж. т., Поромбка с., Катовица воеводдугу - 20-июль, 2001) — Польшанын саясий жана мамл. ишмери.

Билими боюнча тоо инженер. Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн. 1923-ж. Францияга эмиграцияга кетип, 1931-ж. Фран­ция компартиясына өткөн. 1934-ж. шахтёрлордун иш таштоосуна катышканы үчүн камакка алынып, Польшага айдалган. 1937-ж. Бельгияга эмиграцияга кетип, ошол эле жылы Бель­гия компартиясына өткөн. 1940-44-ж. Бельгияда немец фаш. баскынчыларга Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. Согуштан кийин Польша жумушчу партиясын (ПЖП) жанa патриоттук күчтөрүн уюштурууга салым кошкон.

Польша­га 1948-ж. кайтып келип, ПЖП БКнын аппаратында ж. б. парт, кызматта иштеген. Полъшанын бириккен жумушчу партиясынын (ПБЖП) 2- съездинде (1954) ПБЖП БКнын мүчөсү, 1956-ж. ПБЖП БКнын секретары, 1956-ж. жанa 1959-жылдан анын Саясий бюросунун мүчөсү, секретары (1956—64), Катовица воеводдугунун биринчи секретары (1957—70). 1970-жылдан ПБЖП БКнын биринчи секретары. Герек — ПЭР сейминин депу­таты (1952-жылдан). СССР менен ПЭРдин ортосундагы достукту чындоодогу, социализмдин жениши жанa тынчтыкты бекемдөөдөгү зор эмгеги үчүн Ленин ордени (1973), «Элдик Польшаны куруучу» ж. б. ордендер менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.