Геркон

Википедия дан

Геркон, жылчыксыз контакт — жылчыксыз айнек баллонго орнотулган ферромагнит материалынан жасалган пружина контакттуу туташтыргыч. Айнек түтүккө атайын газ толтурулганда контакт туруктуу иштейт. Электр-магнит орому аркылуу туруктуу ток өткөндө, магнит талаасы пайда болуп, контакттар биригет. Ток жүрбөй калганда же азайганда, жалпак контакттар өздөрүнүн серпилгич күчүнүн аракетинен улам кайра ажырайт. Геркон электр тизмегин туташтыруучу, кайра бириктирүүчү жана ажыратуучу болуп айырмаланат. Ал телефонияда (реледе, коммутатордо ж. б.), эсептөө техникасында (логикалык, суммалоочу элементтерде ж. б.) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]