Герма

Википедия дан

Герма – 1) антикалык көркөм сүрөт искусство дүйнөсүндө байыркы грек кудайы Герместин көкүрөгүнөн өйдө скульптуралык элеси түшүрүлгөн жана төмөн жагы түз же куушурулган төрт бурч түркүк. Байыркы Грекияда мындай скульптуралык элестер жолдордун кесилишине орнотулган; 2) скульптуралык портрет жана портреттик эстелик формаларынын бири. Бул формага элестин ийиндерин кынтыксыз тике кесүү жана анын призма түрүндөгү постамент менен биригип кетиши мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]