Герман Вейл

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Герман Вейл.

Герман Клаус Гуго Вейл (нем. Hermann Klaus Hugo Weyl, 1885-жыл 9-ноябрь, Герман империясы, Элмсхрон, Шлезвиг-Голштейн - 1955-жыл 8-декабрь, Зүрих) - немис математик жана физик-теоретик. Лобачевский сыйлыгынын лауреаты (1927).

Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Илимий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Илимий эмгектери тригонометрия катарлары жана ортогоналдык функциялар боюнча катарлар, комплекстүү алмашма функцияларынын теориясы, дифференциал жана интеграл теңдемелерге арналган. Сандар теориясына "Вейл суммасын" киргизген.

Вейлдин алгебра (үзгүлтүксүз топтор теориясы, алардын көрүнүштөрү жана инварианттары жааттарында) жана комплекстүү алмашма функцияларынын теориясы (анын (1913) "Риман бетинин идеясы" (нем. Die Idee der Riemannschen Fläche) китеби классикага айланган: биринчи жолу риман бети түшүнүгүн башка түшүнүктөргө да жайылтууга мүмкүн болгон таризде так аныкталган) боюнча эмгектери көбүрөөк маанилүү.

Вейлдин сызыктуу колдонмо алгебра боюнча эмгектери кийин математикалык программалоону түзүүдө колдонулган, математикалык логика жана математиканын негиздери жаатындагы эмгектери али күнгө чейин кызыгуу жаратып келет. Вейл интуиционизм философиясын карманган, көз караштары Пуанкаре жана Брауерге жакын болгон.

Сандар теориясында сандардын аддитив теориясында чоң мааниге ээ болгон Вейл суммалары белгилүү.

Анын математикалык физика жаатындагы эмгектери чоң мааниге ээ. А. Эйнштейн жалпы салыштырмалуулук теориясын түзгөндөн кийин Вейл талаанын бирдиктүү теориясы үстүндө иштей баштаган. Тартуу менен электромагнетизмди бириктирүү ишке ашпаса да, калибрленүүчү инварианттык теория чоң мааниге ээ болгон. Вейл топтор теориясын физикадагы симметрия жөнүндөгү идеяга таянып, кванттык механикада колдонгону менен белгилүү.

1918-жылы аффинн жана евклид чекит мейкиндиктери үчүн ыңгайлуу аксиомалар системин сунуштаган.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]