Гермес-Профи

Википедия дан

Гермес-Профи – Кыргыз Республикасынын профессионалдык спорт клубу. 1996-ж. А. Воинов уюштурган жана жетекчиси. Гермес.-Профи спорт клубу кикбоксинг жана ушу-санда боюнча тандалып алынган спортчуларды машыктырат. Бул клубдун негизги демилгеси спортко кызыккандардын денсоолугун чыңдоо, спортко болгон сүйүүсүн бекемдөө, дүйнөгө таанымал спорт чеберлерин даярдоо жана аларды коомдогу терс көрүнүштөрдөн (наркомания, алкоголь ж. б.) арылтуу. Гермес-Профинин спорт чеберлери дүйнө чемпионатына (1995, Киев; 1997, Белград; 1999, Бишкек; 2001, Италия; 2003), Украина; Европа чемпионатына, дүйнө кубогунун биринчилигине ж. б. эл аралык мелдештерге катышып келүүдө. Ал Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген 6 спорт чеберин жана 10дон ашык дүйнө чемпиондорун даярдаган. Дүйнөнүн биринчи чемпиону Кыргызстандан Ш. Шабанов, андан соң Ж. Амантаев, М. Борбашев, А. Ибраев, И. Мамбетов, Р. Абасов, М. Сүйүнбаев, А. Порсуков, У. Худояров, Т. Дүйшекеев, К. Сыдыгалиев, А. Федосеев ж. б. Клубдун демилгеси менен Кыргызстанда 10 эл аралык беттеш, 20дан ашык эл аралык турнир, анын ичинде эң көрүнүктүүсү «Кикбоксинг боюнча Королдордун Королу» турнири (кикбоксинг боюнча королдордун таажысына Ш. Шабанов жана Ж. Амантаев эң алгачкы арзыган) жана кикбоксинг боюнча XII дүйнө чемпионаты өткөрүлгөн (Бишкек, 1999). Бул чемпионатка 30дан ашык мамлекеттердин спортчулары катышып, Кыргыз Республикасынын курама командасы (4 алтын медаль) жалпы командалык эсепте 1-орунга татыган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]